Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсү

Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операциянын өлкөдөгү карапайым калк үчүн коркунуч туудурбаганы айтылды.

1784115
Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсү

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинадагы абадан коргонуу системалары, аскердик аэропорттор жана аба күчтөрүнүн "жогорку тактыктагы куралдар" менен зыянсыздандырылганын кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө, Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операциянын өлкөдөгү карапайым калк үчүн коркунуч туудурбаганы айтылып: "Украинадагы аскердик инфраструктура, абадан коргонуу системалары, аскердик аэропорттор жана аба күчтөрү жогорку тактыктагы куралдар менен зыянсыздандырылды»,-делди. 

Бир тараптан Украинанын куралдуу күчтөрү Орусиянын 5 учагы жана бир тик учагынын атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция баштаганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар