Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүү жасады
Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, өлкөнүн Украинага аскердик кийлигишүүсүнө баа берилди.
1784405
![Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүү жасады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fba0/0102/494a/621752c603073.jpg?time=1718838607)
Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинага каршы аскердик операцияда карапайым калк менен куралын таштаган украин аскерлеринин бутага алынбаганын жарыялады.
Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, өлкөнүн Украинага аскердик кийлигишүүсүнө баа берилди.
Чалгындоо маалыматтарына ылайык, украин армиясынын кээ бир бөлүктөрүнүн артка чегингени кабарланды.
"Украина армиясынын курамында куралдарын таштаган бөлүктөр бутага алынбайт", деп айтылган билдирүүдө, Украина армиясы Орусияга таандык учак жана бронетранспортторду жок кылды деген айтымдардын чындыкты чагылдырбаганы белгиленди.