Кытайдын тышкы иштер министри орусиялык кесиптеши менен сүйлөштү

Министр Лавров сүйлөшүүдө Украинага байланыштуу процесс жана Орусиянын позициясы тууралуу маалымат берди.

1784738
Кытайдын тышкы иштер министри орусиялык кесиптеши менен сүйлөштү

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, министр Лавров сүйлөшүүдө Украинага байланыштуу процесс жана Орусиянын позициясы тууралуу маалымат берди.

АКШ менен НАТОнун тынымсыз чыгышты көздөй кеңейип убадаларына каршы кыймыл кылгандарын, Жаңы Минск келишимин ишке ашыруудан баш тарткандарын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2015-жылдагы 2202-резолюциясын бузгандарын белгилеген Лавров, Орусиянын өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн керектүү чараларды көрүүгө аргасыз болгонун белгиледи.

Министр Ван да Кытайдын бардык өлкөлөрдүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын баса белгилеп: «Ошол эле учурда биз Украина проблемасынын татаал жана конкреттүү тарыхый өлчөмдөрү бар экенин көрүп турабыз жана Орусиянын коопсуздук маселелери боюнча мыйзамдуу кооптонуусун түшүнөбүз. Кытай Кансыз согуштун логикасынан толугу менен баш тартып, акырында диалог жана сүйлөшүүлөр аркылуу тең салмактуу, эффективдүү жана туруктуу Европа коопсуздук механизминин түзүлүүсү керектигин жактайт»,- деди.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция баштаганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар