Кулеба: «Аймакта согуштун башталышы дүйнөлүк тартиптин аягы болот»

Кулеба Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында Украинадагы акыркы абал талкууланган сессиясында сөз сүйлөдү.

1784029
Кулеба: «Аймакта согуштун башталышы дүйнөлүк тартиптин аягы болот»

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба анын өлкөсүндө баштала турган кенен масштабдуу согуш дүйнөлүк тартипти соңуна чыгарарын эскертти.

Кулеба Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында Украинадагы акыркы абал талкууланган сессиясында сөз сүйлөдү.

Кулеба Орусиянын Украинанын чыгышындагы жикчил эки аймак болгон Донецк жана Лугансктын көз карандысыздыгын таануусун катуу сынга алып, мунун БУУнун жана эл аралык укуктун негизги принциптерине ачык кол салуу экенин баса белгиледи.

Орусиянын аймакка аскерлерин жайгаштырышы бардыгын тынчсыздандырышы керек экенин белгилеген украиналык министр:«Мен бул Ассамблеядагы ар бир улутту эскертем, эгерде президент (Россия президенти Владимир) Путин Украинага каршы агрессиясын уланта берем деп чечсе, бул кризистен эч ким сыртта кала албайт, сиздин өкмөтүңүз жана сиздин элиңиз, биздин өкмөт жана биздин эл менен бирге анын ачуу кесепеттерине дуушар болот. Андыктан биз бул акыркы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Орусияны ошол жерде токтотушубуз керек»,-деди.

Орусиянын агрессивдүү саясаттарына каршы БУУнун жоопкерчилигин эске салган Кулеба: «Украинада кенен масштабдуу согуштун башталышы биз билгендей дүйнөлүк тартиптин аягы болот»,-деди.

Украинанын дагы эле дипломатиялык чечимге ишенгенине көңүл бурган Кулеба, Түркиянын атын да атап, ушул убакка чейин тынчтык жолдору үчүн аракет кылган өлкөлөргө рахмат айтты.

Орусиянын Украинанын аймагынан күчтөрүн чыгарып, аймакты туруксуздаштырууну токтотуусу керектигин баса белгилеген Дмитрий Кулеба, мүмкүн болгон бардык сценарийлерге даяр экендиктерин, эгер Орусия чабуулун уланта берсе, жерлерин жана элин коргой тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар