Европа Биримдиги аба аянты жана айланасына карата учуулар боюнча эскертти

Кельн шаарында жайгашкан Европанын Авиация коопсуздугу боюнча агенттиги (EASA) Россиянын Украинага аскердик кийлигишүүсүнөн кийин эскертүү билдирүүсүн жарыялады.

1784385
Европа Биримдиги аба аянты жана айланасына карата учуулар боюнча эскертти

Европа Биримдигинин   авиациялык агенттиги Украинанын аба мейкиндигинде жана ага жакын жерде учууга тыюу салды.

Кельн шаарында жайгашкан Европанын Авиация коопсуздугу боюнча агенттиги (EASA) Россиянын Украинага аскердик кийлигишүүсүнөн кийин эскертүү билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө бүгүндөн тарта абайлап, Украинанын аба мейкиндигинде жана Украинанын Россия менен Беларусь чек араларынан 100 миль (185 километр) аралыкта эч кандай каттамдар аткарылбашы керектиги эскертилди.

EASAнын  кырдаалга баа берүүнү  улантып жатканына көңүл бурулган билдирүүдө эскертүүнүн бул этапта 24 - майга чейин жарактуу экени айтылды.

Билдирүүдө аймакта активдүү кагылышуулардын жүрүп жатканы, аба мейкиндиги менен маанилүү инфраструктуранын, анын ичинде аэропорттордун жарандык учактар ​​үчүн ылайыктуу болбогону, аймакта коопсуздук коркунучтарын көрсөткөн аскердик кыймылдын бар экендиги  белгиленди.

Өзгөчө жарандык учактардын атайылап бутага алынышы жана жаңылыштык менен бутага дуушар болушу мүмкүн экендиги билдирилген маалыматта, аймакта көп сандаган кургактык жана абадан согуштук системаларынын болушу жарандык каттамдар үчүн жогорку коркунуч туудургандыгы белгиленди.  



Тектеш кабарлар