НАТОнун Орусия тууралуу билдирүүсү

Столтенберг НАТО-Украина комиссиясынын кезексиз жыйынынын соңунда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1783287
НАТОнун Орусия тууралуу билдирүүсү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украина жана анын айланасында куралдануусу күчөгөнүн, аскерлердин согушка даяр экенин, орус аскерлеринин мурунку түнү Донестк менен Луганскка киргенин айтты.

Столтенберг НАТО-Украина комиссиясынын кезексиз жыйынынын соңунда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Орусиянын "Донецк Элдик Республикасы" жана "Луганск Элдик Республикасын" таануу жана аймакка аскер жиберүү чечимин айыптаган Столтенберг Москваны артка чегинүүгө жана дипломатиялык жолду тандоого үндөдү.

«Биз Европанын коопсуздугу үчүн бир муун көргөн эң кооптуу учурда турабыз»,-деген Столтенберг, Орусиянын Украина чек араларындагы Крым жана Донбасс аймагында, ошондой эле чек ара багытында 150 миң аскери, согуштук учактары жана тик учарлары бар экенин билдирди. 

Столтенберг: «Учурда Орусиянын көптөгөн аскер бөлүктөрү күжүрмөн даярдыкта жайгаштырылган абалда. Аскерлер лагеринен чыгышты жана чабуулга даяр»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар