Израиль аскерлеринин ок атуусу менен 14 жаштагы палестиналык бала каза болду

Палестинанын премьер - министри Мухаммад Иштиййе  да бул тууралуу жарыялаган  айыптоосунда : "Шейит болгон бала Мухаммед Шехаде системалуу мамлекеттик терроризмдин жаңы курмандыгы болду",- деди.

1783679
Израиль аскерлеринин ок атуусу менен 14 жаштагы палестиналык бала каза болду

Оккупациядагы Батыш Шериада Израиль аскерлеринин ок атуусу менен палестиналык бала каза болду. 

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта : "14 жаштагы Мухаммед Шехаде Бейтуллахимдин түштүгүндөгү Аль-Хидр шаарында Израиль күчтөрүнүн ок атуусу менен каза болду",- деп билдирилди. 

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги Мухаммеддин каза болушунан улам Израилди айыптады. Министрликтен берилген маалыматта бул иштелген кылмыштын Израиль саясий деңгээлинин жактыруусу жана камкордугу менен палестиналыктардын күнүмдүк өлтүрүлүү тизмегинин бир бөлүгү болгондугу билдирилди. 

Шехаденин өлтүрүлүшү «Израилдин оккупациялык армиясынын моралдык жактан бузулуу деңгээлин» көрсөткөнү белгиленген билдирүүдө, окуянын жоопкерчилиги толугу менен Нафтали Беннетт башында турган Израил өкмөтүнө жүктөлгөндүгү айтылды.

Палестинанын премьер - министри Мухаммад Иштиййе  да бул тууралуу жарыялаган  айыптоосунда : "Шейит болгон бала Мухаммед Шехаде системалуу мамлекеттик терроризмдин жаңы курмандыгы болду",- деди. 

Палестинанын Билим берүү министрлиги да көңүл айтуу билдирүүсүндө Шехаденин 7 - класстын окуучусу экенин белгиледи.

Бир тараптан Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериада 23 палестиналыкты камоого алды.

Палестина расмий маалымат агенттиги WAFAда орун алган кабарга караганда  түнкү сааттарда Батыш Шерианын түрдүү аймактарында палестиналыктардын үйлөрүнө рейд жүргүзүлдү. 

Кабарда Палестинанын Хеброн, Селфит, Наблус, Женин жана Рамалла шаарларын камтыган рейддерде 23 кишинин кармалганы билдирилди.

 



Тектеш кабарлар