Грецияда саламаттыкты сактоо кызматкерлери иш таштоого чыгышты

Мамлекеттик ооруканалардын кызматкерлеринин Панеллендик федерациясы (PEODIN) жана Грециянын оорукана врачтарынын федерациясы (OENGE) өлкө боюнча 24 сааттык иш таштоо жарыялады.

1783866
Грецияда саламаттыкты сактоо кызматкерлери иш таштоого чыгышты

Грецияда саламаттыкты сактоо кызматкерлери 24 сааттык иш таштоого чыгышты. 

Мамлекеттик ооруканалардын кызматкерлеринин Панеллендик федерациясы (PEODIN) жана Грециянын оорукана врачтарынын федерациясы (OENGE) өлкө боюнча 24 сааттык иш таштоо жарыялады.

Саламаттыкты сактоо системасын чыңдоону талап кылган эки федерация Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратын карай жүрүштү.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери Ковид  - 19  эпидемиясынын саламаттыкты сактоо системасында жараткан тескери таасирине көңүл буруп, өкмөттөн кызматкер, инфраструктура жана техникалык каражаттардын кемчиликтеринин камсыздалышын талап кылышты. 

 



Тектеш кабарлар