Британия Россиянын беш банкына санкция салат

Британиянын премьер - министри Борис Жонсон Россиянын Донецк жана Лугансктагы чечиминен кийин Россиянын беш банкы жана үч кишиге санкция киргизиле турганын жарыялады.

1783079

Англиянын премьер - министри Жонсон  Британиянын  общиналар палатасында сөз сүйлөп : «Бүгүн Британия Россиянын  беш банкына каршы санкцияларды киргизүүдө. Мындан тышкары  үч адамга дагы санкция салат», - деди.

Санкция салына турган кишилердин Геннадий Тимченко, Борис Ротенберг жана Игорь Ротенберг экендиги билдирилди. Жонсон санкция салына турган кишилердин Британияда ээ болгон бардык мүлктөрүнүн тоңдуруларын белгилеп : "Тийиштүү кишилердин бул жерге саякатка келишине тыюу салынат жана бардык Бириккен Королдуктун киши жана мекемелеринин алар менен кандайдыр бир байланышта боулушуна тыюу салабыз. Бул биздин жасай турган ишибиздин биринчи бөлүгү. Абал дагы да күчөй турган болсо, Америка Кошмо Штаттары жана Европа Биримдиги менен бирдикте ишке ашыруу үчүн дагы көп санкция даярдайбыз",- деди. 

Тектеш кабарлар