Боррель: «Орусиянын чечими эл аралык укукка каршы келет»

Боррель жана Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан борбор шаар Парижде өткөрүлгөн «Индо-Тынч океандагы кызматташтык үчүн министрлер форумунун» жабылыш сөзүн сүйлөштү.

1783179
Боррель: «Орусиянын чечими эл аралык укукка каршы келет»

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер деп аталган администрацияларды расмий түрдө таануу чечими эл аралык укукка каршы келерин билдирди.

Боррель жана Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан борбор шаар Парижде өткөрүлгөн «Индо-Тынч океандагы кызматташтык үчүн министрлер форумунун» жабылыш сөзүн сүйлөштү.

Орусиянын жогоруда айтылган чечиминин эл аралык укукка каршы экенин жана чыңалуунун күчөшүнө себеп болгонун белгилеген Боррель, Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Франциянын борбор шаары Парижде чогулуп, Орусияга карата колдонула турган санкциялар боюнча чечим чыгара тургандарын билдирди.

Бир тараптан Боррель Индо-Тынч океан аймагында Кытай-АКШ атаандаштыгы бар экенин, ошондуктан 21-кылымдын тарыхы бул аймакта жазыла турганын айтты.

Бул мелдештин аймактагы өлкөлөрдүн жыргалчылыгына жана коопсуздугуна түздөн-түз таасири бар экенин белгилеген Боррель, келечек бул аймакта түзүлө тургандыктан аймактын ырааттуулугуна, жыргалчылыгына жана коопсуздугуна салым кошууну каалашкандарын белгиледи.

Боррель, аймактагы бир өлкө менен өнөктөштүктүн өнүктүрүлүшү Кытайга каршы иш алып барышарын билдирбегенин, Кытайдын бул аймакта маанилүү өлкө экенин баса белгиледи.

Ле Дриан ошондой эле Индо-Тынч океан стратегиялары эч бир өлкөгө же Кытайга каршы кадам эмес экенин айтты.

Индо-Тынч океан аймагы менен ЕБ ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүнү каалагандарын билдирген Ле Дриан Түндүк Кореянын баллистикалык сыноолорун айыптагандарын белгиледи.

Ле Дриан бүгүн эртең менен Индо-Тынч океан чөлкөмүндө аларды тынчсыздандырган көптөгөн чоң көйгөйлөр бар экенин жана айрыкча Кытайдын көтөрүлүшүнө байланыштуу көптөгөн көйгөйлөр бар экенин айткан.

Ле Дриан ошондой эле бул аймакта саламаттыкты сактоо, биологиялык ар түрдүүлүк жана технология сыяктуу тармактарга инвестиция салуу зарылдыгын белгилеген.



Тектеш кабарлар