Асад режими Украинадагы жикчилдер менен кызматташат
Микдад айтылган чечимди колдогондорун белгилеп, Орусия тарабынан таанылган жикчилдер менен кызматташа тургандарын айтты.
Сириядагы Башар Асад режиминин тышкы иштер министри Фейсал ал-Микдад Орусиянын президенти Владимир Путиндин Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу чечимин колдогондорун жана аталган жикчил өкмөттөр менен кызматташа тургандарын билдирди.
Асад режиминин SANA агенттигинин кабарына караганда, Орусиянын борбор шаары Москвада Эл аралык Валдай талкуу клубунун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Микдад, Путиндин Украинанын Донбасс аймагындагы жикчилдерди таануусуна токтолду.
Микдад айтылган чечимди колдогондорун белгилеп, Орусия тарабынан таанылган жикчилдер менен кызматташа тургандарын айтты.
Башар Асаддын режими 2018-жылдын май айында да Грузиядан бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Орусия колдогон жикчил Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарын таануу чечимин чыгарган.