Путин менен Макрон Украина маселесин талкуулашты

Путин менен Макрон кечээ телефон аркылуу сүйлөшүштү.

1782212
Путин менен Макрон Украина маселесин талкуулашты

Орусия менен Франциянын президенттери Владимир Путин менен Эммануэль Макрон Нормандия форматына катышкан өлкөлөрдүн Украинанын чыгышындагы чыңалууну басаңдатуу үчүн дипломатиялык жол менен чечүү жолун издөөнү активдештирүү чечимине келишти.

Путин менен Макрон кечээ телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлlен жасалган билдирүүдө Путин менен Макрондун Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча кеңири пикир алышуулары жана Орусиянын коопсуздук кепилдиктерине баа бергени белгиленди.

Билдирүүдө: «Жолугушууда Донбасстагы кармашуу линиясындагы кырдаалдын капысынан начарлашына олуттуу тынчсыздануу айтылды. Путин чыңалуунун күчөшүнө Украинанын коопсуздук күчтөрүнүн провокациясы себеп болгонун белгиледи»,делди.

Билдирүүдө Киев администрациясы «сүйлөшүүлөр деп аталган процессти улантып жатканы, бирок Минск келишимдеринде жана Норманд форматында жетишилген макулдашууларды аткаруудан өжөрлүк менен баш тартып жатканы» айтылып:«Учурдагы кырдаалдын олуттуулугун эске алган мамлекет башчылары Нормандия форматына катышкан өлкөлөрдүн лидерлеринин, тышкы иштер министрлеринин жана саясий кеңешчилеринин деңгээлинде дипломатиялык каналдар аркылуу маселени чечүүнүн жолун издөөнү активдештирүү туура деп билдиришти. Бул байланыштар ок атышпоо режимин калыбына келтирүүгө жана Донбасстын айланасындагы жаңжалды жөнгө салууга көмөктөшүүгө багытталган».

Франциянын президенттиги Елисей сарайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Макрон менен Путин Нормандия форматынын алкагында ишти кайра баштоо жана Украинанын акыркы күндөрдө жасаган сунуштарынын үстүндө иштөө боюнча макулдашты.

Германия, Франция, Орусия жана Украинанын жолугушуусун уюштуруу үчүн иштердин жасалышы керектигин билдирген Макрон менен Путин Украинанын чыгышында ок атышпоо үчүн иштөө боюнча макулдашышты.

Макрон менен Путин айрыкча чыңалууну азайтуу, тобокелдиктерди азайтуу жана тынчтыкты орнотуу үчүн бардык керектүү кадамдарды таштоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.



Тектеш кабарлар