Россиянын президенти Путин : "Сүйлөшүүлөргө даярбыз"

Россиянын президенти Владимир Путин АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиги боюнча сүйлөшүүгө даяр экендиктерин билдирди.

1781278
Россиянын президенти Путин : "Сүйлөшүүлөргө даярбыз"

Россиянын президенти Владимир Путин АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиги боюнча сүйлөшүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Владимир Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолугушкандан кийин Кремль сарайында биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

АКШ жана НАТОнун Москванын коопсуздук кепилдиги боюнча эң маанилүү талаптарын олуттуу кабыл албаганын белгилеген Путин, бул талаптардан тышкары Европанын коопсуздугу, кыска жана орто аралыкка атуучу ракеталар, аскердик ачыктык сыяктуу темалардын талкууланышына каршы эместигин айтты.

Путин : «Ишке ашырылышы биз үчүн шартсыз алдыңкылык болгон орус сунуштарынан четтебестен, бардык темалардын бир комплекс ичинде каралуу шарты менен сүйлөшүү жолуна түшүүгө даярбыз»,- деди.

Путин Киев башкаруусунун Минск келишимдеринин ишке ашырылышын саботаж кылгандыгын, Нормандия форматында саясий кеңешчилер деңгээлиндеги бардык аракеттерге жана кеңешүүлөргө карабастан чечим процессинин ордунда калганын белгилеп : «Киев Минск келишимдерин аткарбай жатат  өзгөчө Донецк жана Луганск менен түз диалогду четке кагып, Минск келишиминин бардык негизги маселелерин ишке ашырууну саботаж кылууда",- деди.  

Беларустун президенти Лукашенко болсо эч кимдин согуш ал түгүл кагылышуулардын күч алышын каалабагандыгын белгилеп : «Бул бизге, орустарга жана беларустарга керек эмес. Бул коңшубуз Украинага караштуу нерсе. Мунун чек араларыбыздагы чыңалуунун арттырылышы менен байланыштуу экендиги ачык»,- деди.



Тектеш кабарлар