Украина, Британия жана Польша үч тараптуу альянс курду

Дмитрий Кулеба, Улуу Британия жана Польша менен үч тараптуу кызматташтык альянсын түзгөндөрүн жарыялады.

1780993
Украина, Британия жана Польша үч тараптуу альянс курду

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба, Улуу Британия жана Польша менен үч тараптуу кызматташтык альянсын түзгөндөрүн жарыялады.

Кулеба борбор шаар Киевде Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Украина, Британия жана Польшанын ортосунда жаңы үч тараптуу кызматташтык форматын түзүүнү жарыялоодон  сыймыктангандыгын билдирген Кулеба, формат боюнча биргелешкен билдирүүнүн жарыялана тургандыгын айтты. 

Кулеба биргелешкен билдирүүдө Польша менен Британиянын Украинанын жеринин бүтүндүгүн коргоо үчүн Украина эли менен биргеликте болорун  айтып : "Польша менен Британия өлкөбүздү коргоодо бизге жардам берет",- деди. 

Министр Кулеба жаңы форматтын мүчөлөрү экономика, соода, энергетика жана жалган маалыматка каршы күрөштө кызматташа турганын билдирди.

Трасс да өлкөсүнүн Украинага жана энергетика тармагындагы көз карандысыздыгына байланыштуу долбоорлор үчүн каржылоого 100 миллион стерлинг чыгарышарын жарыялады. 

Киевдин "Россия агрессиясына" карата туруктуулугун белгилеген Трасс : "Бириккен Королдук катары Украинага колдоо көрсөтүүдө алдыңкы орунда болуудан сыймыктанабыз",- деди. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар