БУУ : "Украина менен Россиянын ортосундагы чыңалуу абдан кооптуу"

Бириккен Улуттар Уюму Украина менен Россиянын ортосундагы чыңалуунун күчөшү өтө кооптуу экенин эскертип, тараптарды сабырдуулукка чакырды.

1780670

Бириккен Улуттар Уюму башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Розмари ДиКарло БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги брифингинде Украина менен Россиянын ортосунда ок атышпоонун  бузулушу коркунучтуу экенин айтты.

ДиКарло : "Азыркы кырдаалдын өтө кооптуу экендиги чындык.  Биз бардык тараптарды максималдуу сабырдуулукка чакырабыз",- деди.

2014 - жылдан бери Украинанын чыгышында 14 миң кишинин каза болгонун жана жаңы кагылышуу ыктымалдыгынын кабыл алынбай турганын баса белгилеген ДиКарло, Украинанын эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүгө чакырды.

Тектеш кабарлар