Лавров: «Бүгүн биз АКШга коопсуздук кепилдиги боюнча кат жөнөтөбүз»

Лавров менен Италиянын тышкы иштер министри Луижи Ди Майо борбор шаар Москвадагы жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрүштү.

1780654
Лавров: «Бүгүн биз АКШга коопсуздук кепилдиги боюнча кат жөнөтөбүз»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) коопсуздук кепилдиги тууралуу кат жөнөтө турганын билдирди.

Лавров менен Италиянын тышкы иштер министри Луижи Ди Майо борбор шаар Москвадагы жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрүштү.

Евро-Атлантика аймагындагы абалга да токтолгон Лавров өткөн айда АКШ жана НАТОдон коопсуздук кепилдигине байланыштуу жооп алгандарын эске салды.

Буларды анализдегендерин белгилеген Лавров: «Биз бүгүн АКШга коопсуздук кепилдиктери тууралуу кат жөнөтөбүз. Бул кат коомчулукка ачык болот»,-деди.

Өлкөсүнүн коопсуздугуна коркунучтар бар экенине көңүл бурган Лавров: «Орусия өз коопсуздугун кантип камсыздай турганын өзү чечет. Батыш бул жаатта өз милдеттенмелерин аткарбай жатат»,-деп айтты.

Батыш менен коопсуздук кепилдиги боюнча сүйлөшүүлөрдү уланта тургандарын белгилеген Сергей Лавров, Европадагы коопсуздук көйгөйлөрүнүн Орусиянын тынчсыздануулары эске алынбастан чечилбей турганын баса белгиледи.

Орусия менен Белоруссия уюштурган машыгуулар 20-февралда аяктаганда чыңалуу токтойбу? деген суроого Лавров: «Чыңалуу деген терминди биз ойлоп тапкан жокпуз. Бул терминди үгүтчүлөр ойлоп табышты. Бул сөздү колдонбой туруп бир дагы европалык же америкалык саясатчы билдирүү жасай албай калды. Андыктан бул суроону башкага беришиңиз керек. Жарыялангандай, машыгуубуз 20-февраль күнү аяктайт. Чыңалуу 20-февралда да токтойбу, аны билбейм, анткени чыңалууну арттырган тарап биз эмеспиз»,-деп жооп берди.

Италиянын тышкы иштер министри Ди Майо да Лавров менен жолугушууда Украинадагы кырдаалды талкуулаганын билдирип:«Лавров бул кризистен чыгуунун жолдорун кеңешүүгө жана издөөгө даяр экенин баса белгиледи. Мен ушундай билдирүүлөрдү Киевде да уктум. Биз кризисти дипломатиялык жол менен чечүүнүн жолун издөөнү улантуу каалоосун көрүп жатабыз»,-деди.

Чыңалуунун дипломатиялык жолдор менен чечилиши керектигин баса белгилеген Ди Майо: «Антпесе бул Европа континенти үчүн кыйратуучу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.Ошондуктан тынчтык жана стабилдүүлүктү издөө жолу менен кетиш керек»,-деп айтты.

Украинадагы кырдаалга тынчсызданганын билдирген Ди Майо Украинанын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигин колдогондорун баса белгиледи.

Ди Майо Орусия НАТО менен кеңешме форматында иштешүүнү улантат деген үмүтү болгонун бөлүштү.



Тектеш кабарлар