Украинада "Биримдик күнү" белгиленди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде өткөн Биримдик күнүнө арналган иш  - чарага катышты.

1779954
Украинада "Биримдик күнү" белгиленди

Россиянын Украинага кол сала турган күнү деп белгиленген 16 - февраль өлкө боюнча, өзгөчө борбор шаар Киевде «Биримдик күнү» катары белгиленди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде өткөн "Биримдик күнүнө" арналган иш  - чарага катышты.

Зеленский : «Днепр дарыясынын оң же сол тарабында жашагандардын, шаарда же айылда жашагандардын,  бүгүн баарыбыздын күнүбүз»,- деди.  

Донбасс аймагындагы Краматорск шаарында көптөгөн украиндер улуттук желектерди көтөрүп, Жувилейный паркына чогулуп, «Биримдик күнүн» белгилешти.

Украин армиясынын өкүлү Наталья бүгүнкү күндүн «душманга каршы биримдиктин» символу экенин белгилеп, элдин армияга колдоо көрсөтүүсү абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Американын маалымат каражаттарында Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Батыш өлкөлөрүнүн лидерлерине Россиянын Украинага 16 - февралда кол салышы мүмкүн экенин билдиргени белгиленип,  ал эми Украинанын президенти Зеленский 16 - февралды «Биримдик күнү» деп жарыялады.

16 -  февралдын кол салуу күнү болору айтылгандыгын билдирген Украинанын лидери : «Биз аны «Биримдик күнү» кылабыз. Керектүү чечимге кол коюлду. Ал күнү улуттук байрагыбызды ачабыз, сары  - көк ленталарыбызды тагабыз жана бүткүл дүйнөгө биримдигибзди көрсөтөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар