Лавров-Блинкен сүйлөшүүсү

АКШ тараптын демилгеси менен Лавров жана Блинкендин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болгону белгиленди.

1779394
Лавров-Блинкен сүйлөшүүсү

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен “коопсуздук” маселесин талкуулады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта, АКШ тараптын демилгеси менен Лавров жана Блинкендин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болгону белгиленди.

Лавровдун Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Жо Байдендин 12-февралдагы телефондук сүйлөшүүсүндө макулдашууга жетишкен, АКШ менен НАТОго билдирилген коопсуздук кепилдиги сунуштарынын алкагында биргелешкен иштерди улантуу зарылдыгын баса белгилегени айтылган билдирүүдө: «Лавров өзгөчө Вашингтон жана союздаштары тарабынан күчөтүлгөн агрессивдүү айтымдардын кабыл алынгыс экенин, ошондой эле коопсуздуктун бөлүнбөстүк принцибин баса белгилеп, Орусия көтөргөн бардык маселелер боюнча рационалду диалогго чакырды»,-делди.



Тектеш кабарлар