Байден Орусияны дагы бир жолу эскертти

Жо Байден Ак үйдө басма сөзгө маалымат берип, Украина кризисине байланыштуу акыркы абалга баа берди.

1779415
Байден Орусияны дагы бир жолу эскертти

 

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден орус аскер бөлүктөрүнүн (Украина чек арасынан) өз базаларына кайтып келгенин азырынча тастыктай электерин айтты.

Жо Байден Ак үйдө басма сөзгө маалымат берип, Украина кризисине байланыштуу акыркы абалга баа берди.

Байден Орусия Украинага кол салса, АКШ катуу реакция кылаарын, Украина кризисин чечүү үчүн дипломатияга бардык мүмкүнчүлүктөр берилиши керектигин эскертти.

Украина менен Орусиянын ортосундагы тирешүү башталгандан бери АКШнын ачык жана так экенин белгилеген Байден: «Кошмо Штаттар эмнеси болсо да даяр. Биз өнөктөштөрүбүз жана союздаштарыбыз менен Европада тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн Орусия менен дипломатияга даярбыз. Ошондой эле Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы даярбыз, мунун дагы эле ыктымалдыгы жогору»,-деп айтты.

Орусиянын Коргоо министрлигинин айрым аскерлердин Украина чек арасынан чыгып кеткенин билдиргенин эске салган Байден : «Бул жакшы кабар болмок, бирок орус аскер бөлүктөрүнүн өз базаларына кайтып келгенин азырынча тастыктай элекпиз. Аналитиктерибиз орустардын дагы эле коркутуучу позицияда турганын айтууда»,-деди.

Орусиянын Украина жана Беларус чек арасындагы аскер санынын 150 миңден ашканын баса белгилеген Байден АКШ, Орусия жана НАТОнун сунуштарын ортого салганын эске салып: «Биз негизги принциптерибизди курмандыкка чалбайбыз. Улуттар эгемен болууга жана өздөрүнүн аймактык бүтүндүгүн коргоого укуктуу, бирок дипломатия жана деэскалация үчүн дагы эле көп орун бар»,-деп баа берди.

НАТОнун же Украинанын Орусия үчүн коркунуч туудурбаганын баса белгилеген Байден : «Биз Орусияны туруксуздаштырууну көздөбөйбүз. Орус жарандары, силер биздин душманыбыз эмессиңер. Украинага каршы кандуу согушту каалап жатканыңарга ишенбейм. Ал эмес бул өлкө менен терең тарыхый жана маданий байланыштарыңар бар»,-деп сереп салды.

АКШнын президенти Орусиянын Украинага кол салышы керексиз жана себепсиз согуш болорун белгилеп: «Эгер Орусия жакынкы күндөрдө Украинаны басып алса, Украинанын гуманитардык жоготуусу абдан чоң жана кайгылуу болот. Орусиянын чабуулу бүткүл дүйнөдө айыпталууда. Орусия керексиз өлүмгө жана кыйроого алып келгенин дүйнө унутпайт»,-деген сөздөрдү айтты ал.

Орусия Украинага басып кирсе, буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизе тургандыктарын белгилеген Жо Байден: «Орусиядан Германияга газ ташыган «Түндүк агым 2» кууруна келсек, эгер Орусия Украинага басып кирсе, бул жерден газ өтпөйт»,-деп эскертти.

Байден дагы бир жолу АКШнын Украинага аскер жибербей турганын, бирок НАТО союздаштарына колдоо көрсөтө турганын белгилеп : «Орусияга каршы таштай турган кадамдарыбыз биздин башыбызды оорутпайт деп ойлобойм. Бул энергия баасына таасир этиши мүмкүн. Бул жагынан биз негизги энергия керектөөчүлөр жана өндүрүүчүлөр менен да кызматташабыз жана жигердүү кадамдарды жасап жатабыз»,-деди.

Конгресс менен да Украина кризисине байланыштуу таштала турган кадамдарды да сүйлөшкөндөрүн белгилеген Байден : «Биз Орусия менен түздөн-түз кагылышууну каалабайбыз, бирок Орусия Украинадагы америкалыктарды бутага алса, катуу жооп беребиз. Орусия биздин фирмаларыбызга, маанилүү инфраструктураларыбызга кибер чабуулдар сыяктуу бизге же шериктештерибизге ассимметриялык кол салууларды жасаса буга да жооп берүүгө даярбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар