Япония Орусияны эскертти

Япониянын тышкы иштер министри Хаяси маалымат жыйын өткөрдү.

1778921
Япония Орусияны эскертти

Япония Орусия Украинага кол салса, “эл аралык коомчулук менен макулдашып, тиешелүү жоопту кайтарарын” билдирди.

Тышкы иштер министри Хаяси Ёсимаса өткөргөн маалымат жыйында, Украинага басып кирген учурунда Орусияга каршы санкциялар киргизилиши "мүмкүн" экенин айтты.

Министр Хаяси: «Эгер Орусия басып кирсе биз азыркы кырдаалга жараша эл аралык коомчулук менен макулдашып жооп кайтарабыз»,- деди.

Санкция тууралуу кеңири маалымат берүүдөн баш тарткан Хаяси, «дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүчү жол» издөөнүн улантылышынын маанисине көңүл бурду.

Бир тараптан Киодо агенттиги, Япония өкмөтүнүн Украинадагы 130га жакын жапон жаранын коргоо үчүн батыштагы Львов шаарында байланыш кеңсесин ачканын билдирди.

Министрлер кабинетинин башкы катчысы Мацуно Хироказу: «Учурдагы кырдаалды эске алып, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз»,- деди.

Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министри Хагиуда Коичи болсо, ыктымалдуу басып алуу учурунда Орусиядан энергия ташылышынын токтотулушу ыктымалдыгын «терең тынчсыздануу менен байкап жатышканын» айтты.

11-февралда Япониянын Тышкы иштер министрлиги жапон жарандарына Украинадан дароо чыгып кетүүнү жана бул өлкөгө “максатсыз” баруудан баш тартууну сунуштаган болчу.



Тектеш кабарлар