Чехия украиналык качкындарды кабыл алууга даяр

Премьер  - министр Фиала чек ара коңшусу Словакияга да  жардам берүүгө даяр экендиктерин айтты.

1779071
Чехия украиналык качкындарды кабыл алууга даяр

Чехиянын премьер - министри Петр Фиала Россия менен Украинанын ортосундагы тирешүү күчөп жаткан учурда өлкөсүнүн украиналык качкындарды кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Премьер  - министр Фиала журналисттерге берген маалыматында   өлкөсүнүн Украинага каржылык жардамын көбөйтүүнү пландабагандыгын бирок Россия менен тирешүү күчөгөн учурда украиндерди кабыл алууга даяр экенин айтты.

Чек ара коңшусу Словакияга да  жардам берүүгө даяр экендиктерин белгилеген Фиала, керек болсо Словакия - Украина чек арасында иштөө үчүн полиция топторун жибере ала тургандарын белгиледи.

Чехиянын Киевдеги элчилигинин жабылбаганын, бирок дипломаттардын үй - бүлөлөрүнүн өлкөдөн чыгып кеткенин белгилеген Фиала Украинада 50гө жакын дипломаттын иштеп жатканын айтты.

 

 

 



Тектеш кабарлар