Президент Путин Орусиянын коргоо министрин кабыл алды

Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Шойгу менен жолугушту.

1778474
Президент Путин Орусиянын коргоо министрин кабыл алды

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу өлкөнүн бардык аймагындагы аскердик машыгуулардын айрымдары аяктаганын, кээ бирлери аяктоо алдында турганын билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Шойгу менен жолугушту.

Жолугушуунун башында Путин орус армиясынын өлкөнүн Ыраакы Чыгыш аймагында, түштүгүндө, түндүгүндө жана борбордук аскер округунда жана Беларуста биргелешип өткөргөн машыгуусу тууралуу отчет сурады.

Шойгу болсо: «Кээ бир машыгуу аяктады, кээ бирлери аяктоо алдында турат. Декабрь айында сиздин тапшырмаңыз менен демилгеленип, пландаштырылган чечимдердин масштабын эске алсак, алдыда дагы көп жасалышы керек болгон иштер бар»,-деп айтты.

Шойгу ошондой эле Орусиянын Тынч океан флотунун машыгуусунда Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) деңиз флотуна таандык суу астында жүрүүчү кеменин Курил аралдарына жакын жердеги орус аймактык сууларын бузганы тууралуу маалымат берип, суу астында жүрүүчү кеменин Орусиянын территориялык сууларынан чыгарылганын жана бул иш-аракеттин негизсиз жана түшүнүксүз болгонун баса белгиледи.

Министр Шойгу суу астындагы кеменин өлкөнүн чек арасын 4 километрден ашык бузганына көңүл бурду.



Тектеш кабарлар