БАЭ басылмасы: "Түркия менен стратегиялык мамилелер өнүгүп жатат"

Эрдогандын бүгүн баштала турга БАЭ сапары өлкөнүн басма сөзүндө кеңири орун алды.

1778187
БАЭ басылмасы: "Түркия менен стратегиялык мамилелер өнүгүп жатат"

Президент Режеп Таййип Эрдогандын бүгүн баштала турган Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) сапары өлкөнүн басма сөзүндө кеңири орун алды.

БАЭдеги гезиттер президент Эрдогандын сапарын «Түркия менен стратегиялык карым-катнаштар өнүгүп жатат» деген баш сөз менен жарыялашты.

«Эл Ватан» гезити «БАЭ менен Түркия: Өнүккөн стратегиялык мамилелер» аттуу кабарында: «Президент Эрдогандын БАЭге болгон сапары БАЭ менен дос Түркиянын ортосундагы стратегиялык карым-катнаштарды бекемдөө жана мындан ары да өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат»,-деп баа берилди.

Кабарда эки өлкөнүн лидерлеринин биргелешкен иштерди өнүктүрүүгө даяр экени да баса белгиленди.

Сапарды «Өнүккөн стратегиялык карым-катнаштар» деген баш сөз менен билдирген «El İttihad» гезити да Абу-Даби менен Анкаранын ортосундагы карым-катнаштарда өнүгүп келе жаткан экономикалык өнөктөштүк жана келечекке багытталган инвестициялык секирик бар экенине көңүл бурду.

Президент Эрдогандын БАЭге сапарынын стратегиялык карым-катнаштарды бекемдөө жана аны жогорку деңгээлге алып чыгууда маанилүү кадам болгонун баса белгилеген гезит, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын Анкарага сапарынын да Түркия- БАЭ алакаларынын өзгөчө экономика баш болгон көптөгөн тармактарда өнүгүүсү жагынан маанилүү башталыш экенин белгиледи.

«Аль Бейан» гезити болсо «Стратегиялык карым-катнаштарда секирик» деген баш сөз менен Эрдогандын БАЭ сапарын окурмандарына жеткирди.

Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык келишимдердин тарыхында эң жогорку деңгээлде болгонуна көңүл бурулган кабарда, Эрдогандын сапарынын карым-катнаштарды дагы да күчтүү деңгээлге алып чыга турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар