Байдендин Ооганстандын эсебиндеги акчаны тоңдуруусуна каршы чыгуулар...

Байден тоңдурулган акча ооган эли менен 11-сентябрдагы курмандыктарга бөлүнөрүн жарыялады. Бирок, бул кадам нааразылык жаратты.

1777839
Байдендин Ооганстандын эсебиндеги акчаны тоңдуруусуна каршы чыгуулар...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин Ооганстандын эсебиндеги 7 миллиард долларды тоңдуруу чечими реакция жаратууда.

Байден тоңдурулган акча ооган эли менен 11-сентябрдагы курмандыктарга бөлүнөрүн жарыялады. Бирок, бул кадам нааразылык жаратты.

American Foreign Policy журналынын комментарийинде башкаруу Талибанга өткөндөн кийин 7 миллиард доллардын тоңдурулушу Байдендин жеке демилгеси болбогонуна көңүл бурулду. Айрым оогандыктардын көз караштары да камтылган.

Ооганстандагы Америка университетинен Харун Рахмини Байдендин чечими ооган экономикасына дагы зыян келтирет деп билдирип: «Байден бул процессте мүмкүн болгон эң жаман нерсени кылууда»,- деди.

Foreign Policy журналына мурдагы ооган аткаминеринин жөнөткөн билдирүүсүн да жарыялады. Байдендин чечимин «уурулук» деп мүнөздөгөн билдирүүдө бөлүштүрүлө турган акчанын Байдендин өзүнө тиешелүү эместиги дагы бир жолу баса белгиленди. Бул абал оор күндөрдү башынан кечирип жаткан ооган элине жасалган жамандык экени айтылды.

Foreign Policy баяндамасында бул чечимдин ички саясатка карай жасалган кадам экени да айтылган. Байдендин ноябрь айында боло турган орто мөөнөттүү шайлоодо колун күчтөндүргүсү келгени айтылды.



Тектеш кабарлар