АКШ,Жапония жана Түштүк Корея Түндүк Кореянын ядролук куралдануусун айыптады

Блинкен, АКШнын Гавайи штатында өткөрүлгөн жыйындан кийин өткөрүлгөн пресс-конференцияда үч өлкөнүн тең Түндүк Кореянын акыркы айларда күчөгөн ракета сыноолорун айыптаганын айтты.

1777806
АКШ,Жапония жана Түштүк Корея Түндүк Кореянын ядролук куралдануусун айыптады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен япон жана түштүк кореялык кесиптештери Йосимаса Хаяши жана Чунг Эуи Йонг менен жолугуп, Түндүк Кореянын өзөктүк куралдануу маселесин талкуулады.

Блинкен, АКШнын Гавайи штатында өткөрүлгөн жыйындан кийин өткөрүлгөн пресс-конференцияда үч өлкөнүн тең Түндүк Кореянын акыркы айларда күчөгөн ракета сыноолорун айыптаганын айтты.

Блинкен үч өлкөнүн тең «чагымчылык баскычында» болгон Түндүк Кореяга каршы орток мамиледе болгонун белгиледи.

Түндүк Корея 30-январда узак аралыкка учуучу Хвасон-12 баллистикалык ракетасын сынап, жыл башынан бери 7-ракеталык сыноосун өткөрдү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын өзөктүк программасынан улам 2006-жылдан бери ага экономикалык жана аскердик санкцияларды киргизген.



Тектеш кабарлар