Этна кайрадан жанданды

Кечээ кечинде башталган вулкандык активдүүлүк түштүк-чыгыш кратеринде катталды.

1777090
Этна кайрадан жанданды

Италиянын түштүгүндөгү активдүү вулкандардын бири Этна быйыл биринчи жолу күл жана лава бүркүдү.

Сицилия аралында жайгашкан жана бийиктиги 3 миң метрден ашкан Этна жанар тоосунда бир нече айдан кийин быйылкы жылдагы биринчи вулкандык активдүүлүк байкалды.

Кечээ кечинде башталган жана түнкү сааттарга чейин уланган вулкандык активдүүлүк түштүк-чыгыш кратеринде катталды.

Күчтүү атылуунун натыйжасында жанар тоодон чыккан күлдөр 10 миң метр бийиктикке жетти жана түштүк-чыгыш кратерден ар кандай багыттарга карай бир нече жүз метрлик лава агымдары да аралдын ар кайсы жерлеринен байкалды.

Италиянын Улуттук геофизика жана вулканология институту (INGV) жанар тоодон чыккан күлдөрдөн улам аралдын айланасындагы каттамдар үчүн кызыл код эскертүүсүн жарыялады. Бирок вулканга эң жакын аэропорт болгон Катаниядагы Фонтанаросса эл аралык аэропортунда каттамдардын уланганы белгиленди.

Тоодон бүркүлгөн күлдөр транспорт, айыл чарба сыяктуу экономикалык иштерге тоскоол болуп, айланадагы муниципалитеттерди тынчсыздандырганы айтылды.

Өткөн жылы Этнада 50дөн ашык вулкандык активдүүлүк катталып, күл жана лава атылып чыккан.



Тектеш кабарлар