Берлиндеги Украина жыйынынан натыйжа чыккан жок

Кийинки жыйынды март айында өткөрүүнү чечкендери маалымдалды.

1776956
Берлиндеги Украина жыйынынан натыйжа чыккан жок

Норманд форматындагы Германия, Франция, Украина жана Орусия лидерлеринин кеңешчилери Германиянын борбор шаары Берлинде Украина кризиси боюнча өткөргөн жыйында толук жылышты камсыздай албагандары билдирилди.

Немис кабар агенттигинин (DPA) маалыматына караганда, 10 саатка жакын созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин француз жана немис тараптарлар ар башка позициялар менен түрдүү чечүүчү варианттар ачык түрдө ортого салынган татаал сүйлөшүүлөр болгонун билдиришти.

Кабарда тараптардын кийинки жыйынды март айында өткөрүүнү чечкендери маалымдалды.

Ошондой эле француз жана немис тараптардын бардык катышуучулардын Минск келишимин карманаарын жана бул келишимдин ишке ашырылышы үчүн интенсивдүү иштердин улана турганын билдиргендери белгиленди.

Орус өкүлү Дмитрий Козак да жыйында пикир келишпестиктерди жоюунун мүмкүн эместигин белгилеп, Орусия менен Украина келишимди эки башка чечмелеп жатканын айтты.

Украина башкаруучулугунун Донбасстын келечеги тууралуу ойлорун бөлүшпөгөнүн билдирген Козак : «(Украина) Сегиз жылдан бери сыр сакташууда»,-деди.

Козак Германия менен Франциянын тынчтык планын колдогонун, бирок Украинаны жоболорду ишке ашырууга мажбурлабаганын жүйө келтирди.

Украинанын өкүлү Андрей Ермак да жолугушууда талаштуу маселелер боюнча жылыш болбогонун белгиледи.

Германия, Франция, Украина жана Орусия лидерлеринин кеңешчилеринин Украина кризиси боюнча биринчи жыйыны 26-январда Франциянын борбору Парижде өткөрүлгөн.



Тектеш кабарлар