Ливиянын премьер - министрине кол салуу болду
Премьер - министр Абдулхамид ел - Дибейбенин жаракат албастан кутулгандыгы билдирилди.
1776243
Ливиянын премьер - минристри Абдулхамид ел - Дибейбенин унаасына жасалган кол салуудан жаракат албастан кутулгандыгы белгиленди.
Аль - Жазиранын твиттерден жана ливиялык булактарга таянуу менен берилген кабарда борбор шаар Триролиде Дибейбенин унаасынын кол салууга учурагандыгы бирок премьер - министрдин жаракат албагандыгы маалымдалды.
Кол салгандардын качкандыгы жана ким экендерине байланыштуу азырынча маалыматтын жок экендиги белгиленип, Ливия башкы прокурорунун окуя тууралуу изилдөө баштаткандыгы билдирилди.