Муктеда эс  -  Садр тышкы таасирлерден көз карандысыз улуттук көпчүлүк өкмөттү жактайт

Садр твиттерден берген маалыматында Иракта тышкы таасирлерден көз карандысыз бир өкмөттүн курулушу керектигин белгилеп : "Чыгыштык же батыштык эмес, улуттук көпчүлүк өкмөтү" деген сөздөрдү айтты.

1775820
Муктеда эс  -  Садр тышкы таасирлерден көз карандысыз улуттук көпчүлүк өкмөттү жактайт

Иракта шайлоодо жеңип чыккан Садр өкмөтүнүн лидери Муктеда эс  -  Садр тышкы таасирлерден көз карандысыз улуттук көпчүлүк өкмөттү жактай тургандарын кайталады. 

Садр твиттерден берген маалыматында Иракта тышкы таасирлерден көз карандысыз бир өкмөттүн курулушу керектигин белгилеп : "Чыгыштык же батыштык эмес, улуттук көпчүлүк өкмөтү" деген сөздөрдү айтты. 

Шиит лидер Садрдын бул маалыматы Иран Төңкөрүш Гвардиясына караштуу Кудс Күчү командири Исмаил Каани менен Нежефте ишке ашырган сүйлөшүүдөн кийин бергендиги көңүлдөрдү бурду. 

Садр  -  Каани сүйлөшүүсүнө байланыштуу кенен маалымат берилген жок. Садрдын "чыгыштык" жана "батыштык" деген терминдер менен Ирактагы өкмөт куруу процессиндеги Иран менен АКШнын таасирине карата айтылганы белгиленүүдө.

Иранга карата мамилеси менен таанылган Садрдын группасы 10 -  октябрда болгон жалпы шайлоодо 329 орундуу Ирак парламентине 73 депутат киргизип биринчи орунду алган. 

Садр  андан мурда берген маалыматтарында да "улуттук көпчүлүк өкмөтүнүн" курулушун каалагандыгын билдирген. 

Садр группасы 5 -  февралда берген маалыматында "өкмөт куруу сүйлөшүүлөрүн тоңдуруу" чечиминин чыгарылгандыгын жарыялаган. Шиит лидер Садр өзгөчө  Күрдистан демократиялык партиясы жана сунниттер  менен өкмөт куруу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жаткан. 

 

 



Тектеш кабарлар