Нигериядагы ласса ысытмасы эпидемиясы

Нигерияда жаныбарлардан адамга жугуучу жана өлүмгө алып келе турган ласса ысытмасы эпидемиясынан дагы 8 адам каза болду.

1775413
Нигериядагы ласса ысытмасы эпидемиясы

Нигерияда жаныбарлардан адамга жугуучу жана өлүмгө алып келе турган ласса ысытмасы эпидемиясынан дагы 8 адам каза болду.

Ооруларды көзөмөлдөө борбору январь айынан бери каза болгондордун саны 40ка жеткенин, ласса ысытмасы эпидемиясынан дагы 8 адамдын каза болгонун жарыялады.

Ошол эле мезгилде борбор шаар Абуджа менен бирге 11 штатта 981 бейтап аныкталды.

Жыл сайын кургакчылык мезгили болгон ноябрь жана май айларында күчөй баштаган ласса ысытмасынан өткөн жылы 102 адам каза болуп, 674 бейтап катталган.

Мали, Того, Гана, Либерия, Сьерра - Леоне сыяктуу көптөгөн Африка өлкөлөрүндө байкалган Ласса ысытмасы биринчи жолу 1969 - жылы Нигериянын Борно штатында кездешкен.

Нигерия өкмөтү 2019 - жылдын 23 - январында ласса ысытмасынан улам өзгөчө кырдаал жарыялаган.



Тектеш кабарлар