Беннетт-Байден сүйлөшүүсү
Сүйлөшүүдө аймактык жана эл аралык маселелер талкууланды.
Израилдин премьер-министри Нафтали Беннетт Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аймактык жана эл аралык маселелерди талкуулады.
Израилдин Премьер-министрлигинин басма сөз кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Беннетт Байденге өткөн жумада террордук уюм ДЕАШтын лидери Эбу Ибрахим ел-Хашими ел-Курейшинин Сирияда өлтүрүлүшүнө байланыштуу куттуктоосун айтты.
Беннетт менен Байдендин аймактык маселелерди, өзгөчө «Ирандын өзөктүк программасын алдын алуу кадамдарын» жана Орусия-Украина кризисин талкуулагандары белгиленди.
Билдирүүдө ошондой эле: «Премьер-министр Беннетт, президент Байденге жана АКШ жетекчилигине Израилге көрсөткөн туруктуу колдоосу, өзгөчө АКШнын Темир Куполго жардамы үчүн ыраазычылык билдирди»,-деп айтылды.
Сүйлөшүүдө Беннеттин Байден менен жубайын Израилге чакырганы белгиленди.