Палестинадан эл аралык коомчулукка чакырык салынды

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жөөт отурукташкандары менен Израиль армиясынын акыркы бир нече саатта ондогон дарактарды жулуп салууга жана палестиналык унааларды өрттөөгө аракет кылганы белгиленди.

1774058
Палестинадан эл аралык коомчулукка чакырык салынды

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) башкаруучулугуна жана эл аралык коомчулукка: «Израилдин Палестина элине каршы мыйзам бузууларын токтотуу үчүн керектүү чараларды көргүлө»,-деди.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жөөт отурукташкандары менен Израиль армиясынын акыркы бир нече саатта ондогон дарактарды жулуп салууга жана палестиналык унааларды өрттөөгө аракет кылганы белгиленди.

Жөөт отурукташкандары менен Израиль күчтөрүнүн иш-аракеттеринин Израиль өкмөтүнүн саясатын чагылдырганын белгилеген билдирүүдө, бул саясаттын Батыш Шерианын аннексияланышы жана өзгөчө Чыгыш Кудс баш  болгон конуш коркунучу болгон аймактарда палестиналыктарды жок кылууга таянганы белгиленди.

Жөөт отурукташуучулардын Израилде өздөрүн мыйзамдуу жана саясий жактан корголгондугун сезгендиктен жазадан качууну уланткандары белгиленген билдирүүдө, баскынчы мамлекет катары Израилдин эл аралык тынчтыктын эркине жана эл аралык эрежелерге баш ийүүгө мажбур болушун талап кылганы белгиленди.

Билдирүүдө АКШ менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинен палестиналыктар дуушар болгон басып алуу жана кеңири жайылган этникалык тазалоого каршы юридикалык жана моралдык жоопкерчиликтерин аткаруусу талап кылынды.

АКШ жана эл аралык коомчулуктун баскынчынын мыйзам бузууларына жана кылмыштарына унчукпай калышы таң калыштуу экени баса белгиленген билдирүүдө, Палестина маселесине көңүл бурулбашы жана кылмыштарын улантуусунун Израилдин тынчтыкты каалабаганын көрсөткөнү баса белгиленди.



Тектеш кабарлар