АКШ: «Орусиянын Украинага басып кириши 50 миң адамдын өлүмүнө алып келиши мүмкүн»

Америкалык басма сөздө орун алган кабарга караганда, АКШ армиясы жана чалгындоо кызматкерлери Конгресске жана анын европалык өнөктөштөрүнө Украина-Орусия кризиси тууралуу маалымат беришти.

1774078
АКШ: «Орусиянын Украинага басып кириши 50 миң адамдын өлүмүнө алып келиши мүмкүн»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясы жана чалгындоо кызматтары Орусиянын Украинага басып кирген учурунда 50 миң кишинин өлүшү жана 5 миллион кишинин качкын болушу мүмкүн экенин аныктады.

Америкалык басма сөздө орун алган кабарга караганда, АКШ армиясы жана чалгындоо кызматкерлери Конгресске жана анын европалык өнөктөштөрүнө Украина-Орусия кризиси тууралуу маалымат беришти.

Орусиянын Украинага кеңири масштабдуу басып кирүү үчүн даярдыктарын аяктоого аз калганын белгилеген жетекчилер, баскынчылыкта 50 миң кишинин өлүшү жана  5 миллион кишинин да качкын болушу мүмкүн экенин белгилешти.

Баш калаа Киевде өкмөттүн эки күндүн ичинде кулай турганын баалаган жетекчилер Украина чек арасында ар бири болжол менен 750 аскерден турган 83 орус батальонунун бар экенин белгилешти.



Тектеш кабарлар