Пакистанда шахтада жарылуу болду
Жарылууда 4 адам каза болду.
1773881
Пакистандын Белужистан провинциясында шахтада болгон жарылууда 4 шахтер каза болду.
Белужистан провинциясынын Кетта шаарындагы көмүр шахтасында жарылуу болду. Жарылууда 4 шахтер каза болсо, 3 шахтер жаракат алды.
Облустук табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгы жаракат алгандардын ооруканаларга жеткирилгенин билдирип, жарылуунун метан газынын топтолушунан келип чыккандыгын маалымдады.