Украина: "Түркия менен кол коюлган келишимдер Украинанын бекем турганынын далили"

Кулеба онлайн өткөргөн маалымат жыйында, Түркия менен кечээ 8 маанилүү стратегиялык келишимге кол койгондорун эске салды.

1773652
Украина: "Түркия менен кол коюлган келишимдер Украинанын бекем турганынын далили"

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба, Түркия менен кечээ кол коюлган келишимдердин бардык коркутууларга карабастан өлкөсүнүн бекем турганынын жана досторунун Украинага ишенгенинин далили экенин айтты.

Кулеба онлайн өткөргөн маалымат жыйында, Түркия менен кечээ 8 маанилүү стратегиялык келишимге кол койгондорун эске салды.

Келишимдердин бардык коркутууларга карабастан өлкөсүнүн бекем турганынын, коопсуз өнүгүүсүн улантканынын жана досторунун Украинага ишенгенинин далили экенин белгилеген Кулеба, Москванын коркутуу стратегиясынын ишке ашпаганын сөз кылды.

Тобокелдердин уланып жатканын жана ар бир сценарийге даяр экенин билдирген Кулеба Орусиянын бул турда утулганын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кечээ Киевде болгон жекеме-жеке жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн ортосунда эркин соода келишимин да камтыган 8 келишимге кол коюлган. 



Тектеш кабарлар