Нед Прайс: «Түркия-Украина кызматташтыгы аймактык туруктуулукту бекемдейт»

Прайс күнүмдүк пресс-конференцияда Эрдогандын Киевге сапары НАТО өнөктөшү Түркия менен Украинанын кызматташтыгын ортого салганын белгиледи.

1773426
Нед Прайс: «Түркия-Украина кызматташтыгы аймактык туруктуулукту бекемдейт»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс президент Режеп Таййип Эрдогандын Украина сапарына баа берип, Түркия менен Украинанын ортосундагы кызматташтыктын аймактагы ырааттуулукту күчтөндүргөнүн айтты.

Прайс күнүмдүк пресс-конференцияда Эрдогандын Киевге сапарынын НАТО өнөктөшү Түркия менен Украинанын кызматташтыгын ортого салганын белгилеп: «Бул аймактык стабилдүүлүктү жана Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдейт деп ойлойбуз», - деди.

Прайс: «Биз Украинага болуп көрбөгөндөй деңгээлдеги коргонуу жана коопсуздук жардамын көрсөткөндөй эле, НАТОдогу шериктештерибизге да украиналык өнөктөштөрүбүзгө АКШдан чыккан жабдууларды берүүгө уруксат бердик жана өнөктөштөр менен союздаштарды ыктымалдуу орус баскынчылыгын токтотуу, Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн Украинага коопсуздук жардамын көрсөтүүгө үндөп жатабыз»,-деди.

Орусияны «дезинформациялоо кампаниясын» токтотууга жана тынчтык жолу менен чечүү үчүн дипломатия жана диалогго чакыргандарын билдирген Прайс, орус чалгындоосунун телеканал, радио, коомдук медиа жана конференциялар сыяктуу платформаларда кеңири дезинформация жана үгүт иштерин жүргүзүп жатканын билгендерин айтты.



Тектеш кабарлар