АКШдагы кар бороону

АКШнын борбордук штаттарындагы болжол менен 100 миллион калктуу аймакка таасир эткен кар бороону 4000ден ашуун каттамдын токтотулушуна алып келди.

1773342
АКШдагы кар бороону

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбордук аймагындагы кар бороонунан улам 4 миңден ашуун авиакаттам токтотулуп, 100 миңге жакын адамдын электр жарыгы өчүрүлдү.

Аба кыймылын көзөмөлдөгөн "FlightAware" компаниясынын маалыматына караганда, АКШнын борбордук штаттарындагы болжол менен 100 миллион калктуу аймакка таасир эткен кар бороону 4000ден ашуун каттамдын токтотулушуна алып келди.

Өлкөнүн түштүк жана борбордук батыш штаттарында катуу шамал менен муздун себебинен жолдордо жана электр линияларында мындан да олуттуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экени айтылды.

Миссуриде кардын жаашынан улам авто жолдор жабылып, Индиана штатында көптөгөн кырсыктар катталды жана Нью-Мексикодо мамлекеттик мекемелердин көпчүлүгү жабылды.

Улуттук аба ырайы кызматынын интернет сайтындагы маалыматка караганда, калың кар жаашынын Техастан Жаңы Англия аймагына чейинки кеңири аянтта улана турганы жана өлкөнүн түштүгүндөгү кээ бир штаттарда селдин жүрүшү мүмкүн экени баса белгиленди.

Коомдук кызматтарга көз салган PowerOutage мекемесинин маалыматына караганда, аба ырайынын катаал шарттарынан улам бүгүн эртең менен Техас штатында 70 миңдей, Арканзаста 25 миңдей кишинин электр жарыгы өчүрүлдү.



Тектеш кабарлар