АКШнын Идлиб операциясында 9 киши каза болду

АКШнын  Ф  - 16  аскердик учагы жана бир тик учардын колдоосу менен ишке ашырган операциясы Түркия убактысы боюнча саат 00:03тө башталды.

1772842
АКШнын Идлиб операциясында 9 киши каза болду

АКШнын аскерлеринин Сириянын түндүк батышындагы Идлиб облусунда жүргүзгөн операциясында араларында балдар менен аялдар да болгон 9 киши каза болду.

АКШнын  Ф  - 16  аскердик учагы жана бир тик учардын колдоосу менен ишке ашырган операциясы Түркия убактысы боюнча саат 00:03тө башталды.АКШ аскерлери ок атып айланадагы үйлөр да зыян тартты.

Урандыларда иштеп жаткан Жарандык коргоо топтору кол салууда араларында балдар менен аялдар да болгон 9 кишинин каза болгондугун билдиришти.

Аймактагы булактар АКШ аскерлеринин бутасында ДЕАШтын  эң көп изделген лидерлеринин бири экени боюнча токтолушууда.

АКШнын Коргоо министрлигинин катчысы Жон Кирби бул тууралуу берген кыскача маалыматында операциянын ийгиликтүү  болгондугун айтты.

Кирби АКШ тараптан жабыр тарткандардын болбогондугу жана дагы көп маалымат болсо бөлүшөрүн белгиледи. Басма сөз катчысы бутадагы адамдын аты же группа тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

АКШ 2019 -  жылы октябрь айында Идлибде ушуга окшогон бир операция менен террордук уюм ДЕАШтын лидери Эбубекир ел  - Багдадинин өлтүрүлгөндүгүн жарыялаган.



Тектеш кабарлар