Путин: «Россиянын негизги кооптонууларына көңүл бурулбай жатканы көрүнүп турат»

Владимир Путин өлкөсүнө келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1772043
Путин: «Россиянын негизги кооптонууларына көңүл бурулбай жатканы көрүнүп турат»

Орусиянын президенти Владимир Путин НАТО менен АКШнын өткөн айда сураган коопсуздук кепилдигине жооптору тууралуу: «Россиянын негизги кооптонууларына көңүл бурулбай жатканы көрүнүп турат»,-деди.

Владимир Путин өлкөсүнө келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Орус лидери: «АКШ менен НАТОнун коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштарына жооп катары биз Орусия үчүн үч негизги элементти көрө албай жатабыз»,-деп айтып: «Биз НАТОнун кеңейүүсүнө бөгөт коюу, чабуулчу курал-жарак системаларын Орусиянын чек араларына жакын жайгаштыруудан баш тартуу жана альянстын Европадагы аскердик инфраструктурасын 1997-жылдагы абалына келтирүү сыяктуу үч негизги талабыбызды тийиштүү түрдө кароону көрө элекпиз»,-деди.

Путин Украинага байланыштуу терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу керектигин билдирип: «Эгер биз кырдаалдын мындай терс өнүгүшүнө жол бербөөнү жана болтурбоону кааласак, биз каалагандай болсо, анда бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде Россиянын кызыкчылыктары чындап эске алынышы керек жана маселени чечүү үчүн альтернативалар табылышы керектиги түшүнүктүү болот»,-деп айтты.

Орус президентинин НАТОго жана АКШга бере турган жообу жөнүндө:«Бул оңой болбойт, бирок биз чечим кабыл алабыз. Мен бүгүн кандай жооп болорун айтууга даяр эмесмин»,-деди.

Орусия декабрь айында АКШ менен НАТОго жиберилген «Европадагы коопсуздук кепилдиктери» жөнүндөгү келишим боюнча өзүнүн сунушунда НАТОнун Чыгышка кеңейүүсүнөн баш тартууну жана Чыгыш Европадан аскерлерди чыгарууну талап кылган.

НАТО менен АКШнын өткөн аптада берген жообунда НАТОнун ачык эшик саясатынын улана турганы, курал-жарактарды көзөмөлдөө жана куралсыздануу сыяктуу маселелерде сүйлөшүүлөргө даяр экени айтылг



Тектеш кабарлар