Польша Украинага колдоо көрсөтүүгө даяр

Украинага иш сапары менен барган Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Киевде украиналык кесиптеши Денис Шмигал менен жолугушту.

1771838
Польша Украинага колдоо көрсөтүүгө даяр

Польша Украинага коргонуу тармагында колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Украинага иш сапары менен барган Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Киевде украиналык кесиптеши Денис Шмигал менен жолугушту.

Моравецкий Шмигал менен бирге өткөргөн маалымат жыйында Украинага энергетика, коргонуу жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин баса белгиледи. Польшада 27-январда Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын колдогон чечим кабыл алынганын эске салган польшалык премьер-министр ошондой эле Украинаны ракета, артиллериялык ок-дары, зениттик ракета, жеңил миномет, учкучсуз учуучу аппараттар жана ар кандай коргонуу куралдары менен камсыз кыла тургандарын билдирди.

Матеуш Моравецкий Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн ортосундагы тилектештиктин маанисине да көңүл буруп, көз карандысыз жана демократиялуу Украинанын бардык Европа өлкөлөрүнүн кызыкчылыгында болоорун айтты.



Тектеш кабарлар