Орусиядан АКШ менен Евробиримдикке жооп

Орусиянын БУУдагы элчиси Небензя БУУнун башкы кеңсесинде өткөргөн маалымат жыйында Орусиянын Украинага кол салуу ниети жок экенин билдирди.

1772010
Орусиядан АКШ менен Евробиримдикке жооп

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя, Украина-Орусия кризисинде Москвага каршы санкциялар киргизилсе, АКШ менен Европа Биримдигине жооп кайтара тургандарын айтты.

Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин февраль айындагы төрагалык кызматын өткөрүп алды.

Орусиянын БУУдагы элчиси Небензя БУУнун башкы кеңсесинде өткөргөн маалымат жыйында Орусиянын Украинага кол салуу ниети жок экенин билдирди.

Украинаны болсо Минск келишимин аткарбай жатат деп айыптаган Небензия, АКШ менен Евробиримдик Орусияга санкция киргизсе Москванын кандай жооп кайтара турганы жөнүндөгү суроого: «Бизге ушунчалык көп санкциялар киргизилгендиктен, биз алардын санын эстей албай калдык. Эч нерсе боло электе эле санкцияны айтышат. Биз санкциялар менен жашаганды үйрөндүк. Дагы киргизбейт деп үмүттөнөм, бирок санкция киргизилсе албетте жооп кайтарабыз»,- деп жооп берди.

Орусия Европага газды кыскартабы деген суроого да Небензия: «Орусия ишенимдүү камсыздоочу жана эч кимди жарым жолдо калтырган жок»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар