Йеменде январь айында 13 миң киши көчүүгө аргасыз болду
Эл аралык миграция уюму 2021-жылдын декабрь айындагы билдирүүсүндө, өлкөдөгү 130 миңден ашуун иммигранттын гуманитардык жардамга муктаж экенин жарыялаган.
Йемендеги согуштан улам 2022-жылдын январында 13 миң 140 киши жашаган жерин таштап, коопсуз аймактарга көчүүгө аргасыз болду.
Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык миграция уюмунун акыркы отчетуна караганда Шабва, Худейде, Таиз жана Мариб шаарларындагы куралдуу кагылышуулардан улам 2 миң 190 үй-бүлө өз жерлеринен башка жерлерге көчүп кетишти.
Эл аралык миграция уюму 2021-жылдын декабрь айындагы билдирүүсүндө, өлкөдөгү 130 миңден ашуун иммигранттын гуманитардык жардамга муктаж экенин жарыялаган.
Өлкөгө ички миграция менен катар сырттан да иммиграттардын келгени белгиленген башка билдирүүдө, Эл аралык миграция уюму 2021-жылы Йеменге өзгөчө Эфиопия жана Сомалиден 24 миң мыйзамсыз мигранттын Перс булуңундагы өлкөлөргө өтүү үчүн барганын кабарлаган.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.