Эквадордо сел: 23 адам каза болду

Аймакта издөө-куткаруу иштери уланууда.

1772054
Эквадордо сел: 23 адам каза болду

Эквадордо нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селден каза тапкандардын саны 23кө жетип, 47 киши жаракат алды.

Борбор калаа Китонун батышында 24 саат бою тынымсыз жааган жамгырдан кийин ташкындаган дарыялардан улам көчөлөр ылайга айланды.

Апааттан 23 адам каза болуп, 47 адам жаракат алды.

Мэриянын коопсуздук катчылыгы, электр зымдарынын оодарылышы менен бирге көптөгөн үйлөрдүн жабыркаганын билдирди.

Аймакта издөө-куткаруу иштери өрт өчүрүүчү, аскер жана милиция топторунун катышуусунда жүргүзүлүүдө.



Тектеш кабарлар