Катар эмири : "Байден менен сүйлөшүүлөрүбүз түшүмдүү болду"

Эмир Темим АКШнын борбор шаары Вашингтондо Байден менен жолугушкандан кийин соцтармак твиттерден маалымат берди.

1771594
Катар эмири : "Байден менен сүйлөшүүлөрүбүз түшүмдүү болду"

Катардын эмири Тамим бин Хамед Аль Сани, Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден менен жолугушууларынын «түшүмдүү» болгонун белгиледи.  Ал эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн контекстинде эл аралык жана аймактык окуяларды талкуулагандарын билдирди.

Эмир Темим АКШнын борбор шаары Вашингтондо Байден менен жолугушкандан кийин соцтармак твиттерден маалымат берди. 

"Жо Байден менен жолугушууларыбыз түшүмдүү болду. Жолугушууларда эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн контекстинде эл аралык жана аймактык өнүгүүлөр боюнча көз караштарыбызды талкууладык",- деген Тамим аймакта туруктуулукту жана тынчтыкты камсыз кылуу максатында АКШ менен Катардын өнөктөштүгү күндөн  - күнгө чыңдалып жатканын баса белгиледи.

Жо Байден мезгилинде Перс булуңундагы өлкөлөрдөн АКШга келген биринчи лидер болгон Катардын эмири Тамим жекшемби күнү өлкөгө барды.



Тектеш кабарлар