Түркия БУУну сындады

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү Өнжү Кечели БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Сириядагы гуманитардык абалды караган сессиясында сөз сүйлөдү.

1769542
Түркия БУУну сындады

Түркия БУУну «Сирия кризиси гуманитардык жардам менен чечилбейт» деп сындады.

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү Өнжү Кечели Сириядагы кризистин гуманитардык жардам менен чечилбей турганын айтып: «Гуманитардык жардамдар ракты лейкопластырь менен айыктыруу аракетине окшош»,-деди.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Сириядагы гуманитардык абалды караган сессиясында сөз сүйлөгөн Кечели, БУУнун дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде уланып жаткан кризистерге карата «кеч кийлигишүү кызматына» айланганын айтты.

БУУга: «Гуманитардык жардам ракты таңгыч менен дарылоо аракетине окшош»,-деген сынын билдирген Кечели: «Эл аралык коомчулук көйгөйлөрдү өз эшигинен алыстатуу үчүн акча чачып жатат»,-деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын гуманитардык жардам боюнча орун басары Мартин Гриффитс болсо көптөгөн жылга созулган согуш, жакырчылык жана пандемиядан чарчаган сириялыктардын азыр кайрадан катаал кыш менен бетме-бет келгенин белгилеп, 2 миллион адам жашаган өлкөнүн түндүк-батыш тарабында катуу суута чатырларда жаткан сириялыктардын шарттарын быйыл кышында убактылуу жакшыртууга чакырды.

Норвегиянын Качкындар кеңешинин башкы катчысы Ян Эгланд да сириялыктар үчүн: «Алар согуштан чыгып, тозокко кетишти»,- деди.



Тектеш кабарлар