Германияда орусиялык академикке тыңчылык доосу

Шектүү Илнур Н Орусиянын тышкы чалгындоо кызматы SVRга авиациялык долбоорлор тууралуу маалымат берген деп айыпталды.

1769426
Германияда орусиялык академикке тыңчылык доосу

Германияда орусиялык академикке Орусиянын атынан тыңчылык кылган деген айып менен иш козголду.

Федералдык прокуратуранын маалыматына караганда, шектүү Илнур Н Орусиянын тышкы чалгындоо кызматы SVRга авиациялык долбоорлор тууралуу маалымат берген деп айыпталды.

Ага ылайык, шектүү 2019-жылдын аягында орусиялык тыңчы менен үзгүлтүксүз жолугуп, Бавария университетинде илимий кызматкер болуп иштеп жүргөндө алган маалыматтарды айтып турган.

Билдирүүдө, орус чалгындоосунун өзгөчө Ariane космостук ракетасынын Европа долбооруна кызыккандыгы жана берген маалыматы үчүн Илнур Нга болжол менен 2500 евро төлөгөндүгү ортого салынды.

Илнур Н июнь айынан бери камакта экени белгилүү болду.



Тектеш кабарлар