НАТО АКШнын F-15 согуштук учактары Эстонияга жайгаштырылганын жарыялады
НАТОнун аба командирлигинин Твиттер барагынан жасалган билдирүүдө АКШнын F-15 согуштук учактарынын Амари аба базасына конгону белгиленди.
1768860
НАТО Орусиянын Украинага карай ыктымал аскерий аракетине каршы чара катары АКШнын F-15 согуштук учактарынын Эстонияга жайгаштырылганын билдирди.
НАТОнун аба командирлигинин Твиттер барагынан жасалган билдирүүдө АКШнын F-15 согуштук учактарынын Амари аба базасына конгону белгиленди.
Билдирүүдө Дания жана Эстонияга таандык F-16 үлгүсүндөгү согуштук учактардын аймактагы күчтөргө кошумча катары эртең Литванын Шауляй аба базасына жайгаштырыла турганы белгиленип, «Аба күзөтү биргелешкенде дагы күчтүү»,делди.
Эл аралык басма сөздө сөз болуп жаткан согуштук учактарынын саны 6 болгону белгиленди.