Кытайда лыжа тебе алган робот чыгарылды

Роботтун Кытайда биринчи жолу өтө турган 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндары үчүн атайын чыгарылганы белгиленди.

1768693
Кытайда лыжа тебе алган робот чыгарылды

Кытайдын Шанхай Цзяо Тонг университетинин изилдөөчүлөр тобу кардын үстүндө лыжа тебе алган робот иштеп чыгышты.

Университеттин Твиттерде жарыялаган көрүнүштөрдө, бардык сыноолордон ийгиликтүү өткөнү айтылган роботтун эркин лыжа тээп баратканы жана тең салмактуулукту ийгиликтүү сактай алганы байкалды.

Университеттин веб-сайтындагы кошумча жарыяга ылайык «акылдуу сезүү», «пландоо жана чечим кабыл алуу» жөндөмүнө ээ болгон роботту адамдар да алыстан башкара алат.

Роботтун Кытайда биринчи жолу өтө турган 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндары үчүн атайын чыгарылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар