НАТО Чыгыш Европага кошумча согуштук учактарды жана аскер кемелерин жөнөтөт

НАТОнун билдирүүсүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн Чыгыш Европадагы союздаштарына кошумча согуштук кемелер менен согуш учактарын жөнөтүп, күчтөрүн даяр кармай турганы белгиленди.

1767516
НАТО Чыгыш Европага кошумча согуштук учактарды жана аскер кемелерин жөнөтөт

НАТО Чыгыш Европадагы союздаш өлкөлөргө кошумча согуштук учактарды жана аскер кемелерин жөнөтөрүн жарыялады.

НАТОнун билдирүүсүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн Чыгыш Европадагы союздаштарына кошумча согуштук кемелер менен согуш учактарын жөнөтүп, күчтөрүн даяр кармай турганы белгиленди.

Билдирүүдө Орусия Украина жана анын айланасында аскерий күчтөрүн көбөйтүп жатканы менен альянс бөгөт коюу жана коргонуу күчтөрүн бекемдеп жатканы белгиленген.

НАТОнун билдирүүсүнө караганда, Дания НАТО өлкөлөрүнөн Балтика деңизине фрегат жөнөтүүдө жана НАТОнун аймактагы аба күзөтүнө колдоо көрсөтүү үчүн Литвага 4 F-16 учагын жөнөтүүгө даярданууда.

Испания Болгарияга согуштук самолетторун жиберүүнү, ошондой эле НАТОнун аскер-деңиз күчтөрүнө согуштук кораблдерди жиберүүнү пландаштырууда.

Франция НАТОнун командачылыгында кызмат кылуу үчүн Румынияга аскерлерин жөнөтүүгө даяр экенин жарыялады, ал эми Нидерландия болсо апрель айынан баштап Болгарияда 2 F-35 согуштук учагын аба күзөтү үчүн калтырат. Нидерландия ошондой эле НАТОнун жооп кайтаруу күчтөрүнө бир кеме жана кургактагы аскерлерин даярдайт.

НАТОнун билдирүүсүндө Америка Кошмо Штаттары да (АКШ) альянстын чыгыш бөлүгүндө аскерий согуштук турмушун көбөйтүүнү пландаштырып жаткандыгы жөнүндө ачык билдиргендиги баса белгиленген.

2014-жылы Украинага таандык Крымды Орусия мыйзамсыз аннексиялап алгандан кийин НАТО чыгыш канатта Эстония, Латвия, Литва жана Польшадагы 4 көп улуттуу согуштук топтор менен катышуусун көбөйткөн.

Бул аскерлерди Улуу Британия, Канада, Германия жана АКШ жетектейт.

Аскерлер согушка даяр турат.

НАТО бул аскерлердин болушу кайсы бир союздашка кол салуу бүткүл альянска кол салуу катары каралаарын көрсөтүп турганын баса белгилейт.

НАТО 2014-жылга чейин альянстын чыгыш бөлүгүндө НАТО күчтөрү болбогонун баса белгилейт.



Тектеш кабарлар