Кызыл чырымдын маалыматтары уурдалды

Кызыл Крест хакерлерди маалыматтарды жарыялабоого чакырды.

1766248
Кызыл чырымдын маалыматтары уурдалды

Эл аралык Кызыл чырым комитети ири кибер чабуулга кабылды.

Кызыл Кресттин сайтында жарыяланган билдирүүдө 515 миң аялуу адам тууралуу маалыматтардын уурдалганы кабарланды.

Маалыматтар Кызыл Крест сактаган үчүнчү тарап швейцариялык фирмадан уурдалган.

Кызыл Крест хакерлерди дүйнө жүзү боюнча кеминде 60 Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай бирикмелеринин маалыматын жарыялабоого чакырды.

Чакырыкта «Бул адамдар башынан өткөргөн нерселерине чыдай албай кыйналышат жана бул үй-бүлөлөргө кайгы жаратат. Туурасын кылгыла. Бул маалыматты бөлүшпөңүз, сатпаңыз, сыртка чыгарбаңыз же башка жол менен колдонбоңуз»,-деп айтылды.

Кызыл Крест уюмунун башкы директору Роберт Мардини: «Бул кибер чабуул буга чейин гуманитардык кызматтарга муктаж болгон аялуу адамдарды көбүрөөк тобокелге салат»,- деди.

Уурдалган маалыматтарга корпоративдик программаларга кирүү үчүн колдонулган аттар, жайгашкан жерлер, байланыш маалыматтары жана паспорттук маалыматтары кирет.

Кибер чабуулда Кызыл Крестте иштеген 2000дей кызматкердин жана ыктыярчынын логин маалыматы да уурдалды.

Согуштан же табигый кырсыктардын себебинен бөлүнгөн үй-бүлө мүчөлөрүн байланыштырган "Үй-бүлөлүк байланыштарды калыбына келтирүү" деп аталган программа кибер чабуулдан улам үзгүлтүккө учурагандыктан жабылды.



Тектеш кабарлар